Ташиевдин кызматтык унаасы кайрадан жол эрежесин бузду
RU

Ташиевдин кызматтык унаасы кайрадан жол эрежесин бузду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык жол тандабас жол эрежесин бузду. Атайын кызматтын төрагасынын Toyota Land Cruiser 300 унаасы менен дагы бир жол тандабас Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө каршы тилкеде бара жатканын Kaktus.media`га окурман билдирди.

Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер башка унааларды токтотуп, УКМКнын төрагасына таандык унааны өткөрүштү.

Kaktus.media`га өздүк булактар билдиргендей, унаада Ташиев болгон. Ал бул окуя Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин менен жолугушууга бара жатканда болушу мүмкүн экенин айтты.

УКМКдан бул боюнча комментарий беришкен жок.

Буга чейин да Ташиевдин кызматтык унаасы делинген Toyota Land Cruiser 300 менен дагы бир жол тандабас Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө каршы тилкеге чыгып алып айдаган видео жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9381