Бүгүн Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу жөө жүрүш болот
RU

Бүгүн Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу жөө жүрүш болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-ноябрда "Эркиндик үчүн!" аталышында жөө жүрүш өтөт. Акция саат 16:00дө Бишкектеги темир жолдун алдынан башталат.

Журналисттер, активисттер Болот Темировду өлкөгө кайтарууну, камакка алынган саясатчыларды бошотуп, эркиндикке кайтууга чакырык ташташат.

"Чындыкты чыркыратып айткандардын оозун жаап, бүгүн сөз эркиндигин тебелешти. Биз журналистти мекенине кайра алып келүүнү, саясий туткундарды бошотууну, мыйзам талаасына кайтып келип, сөз эркиндигин капастан чыгарууну талап кылабыз! Биз жарык таратабыз! Биз гүлдөгөн Кыргызстанда жашагыбыз келет", - дешет уюштуруучулар.

#reакция #эркиндикүчүн#күччындыкта

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9403