Акылбек Жапаров: "Президенттин доорунда адамдардын жашоосу жакшырып, демократия өстү"
RU

Акылбек Жапаров: "Президенттин доорунда адамдардын жашоосу жакшырып, демократия өстү"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-ноябрда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун тушунда кандай өнүгүү болуп жатканына токтолду.

"Садыр Нуркожоевичтин доорунда беги бар бекем эл болдук. Адамзаттын жашоосу жакшырып, демократия өсүп, экономика өнүгүү жолуна түштү. Татаал болсо да келечекке чек арасы так мамлекетти калтырып жатабыз. Бир метр жерди бербеген жаңы муунду тарбиялайбыз. Чек араны достук, дипломатиялык мамиле менен чечүү эки тарап үчүн пайдалуу. Биз саясий кыраакылыкты пайдаландык. Чек араны, чек арадагы ойду, чуңкурду көрбөгөн ажаан аялдар менен тажаал эркектер чечпейт, адистер гана чечерин эскертебиз. Анткени такталбаган чекте конфликтке алып келүүчү абал от алып кетет. Акылга сыя турган ойлорун айткандарга биз эч качан тыюу салбайбыз. Чек арада бирде утулсак, бирде утушка ээ болобуз. Малы бирге короолош, ашы бирге жоролош болгон эл менен ынтымакта жашашыбыз керек. Мамлекеттин бүтүндүгү күнүмдүк жашоо камынан жогору турат. Баткен биздин картанын бүткөн жери эмес - биздин жүрөгүбүз. Чоң-Алай биздин алыскы район эмес - бузулбас чегибиз, чебибиз", - деди ал.

Акылбек Жапаров мамлекеттик чыккынчылык менен аёосуз күрөш уланарын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9407