"Мындан ары Кыргызстанда ажал Кудайдан болсо, салык өкмөттөн болот" дейт Жапаров
RU

"Мындан ары Кыргызстанда ажал Кудайдан болсо, салык өкмөттөн болот" дейт Жапаров

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки жылда элдин өчкөн үмүтү кайра жанданганын айтат.

"Буга чейин туура саясат жүргүзүү болгон эмес. Биз 2 жылда түңүлүп калган элдин үмүтүн жандандырдык. Мамлекеттик башкаруу элдин жыргалчылыгына кызмат кылууга бурулду. Садыр Нуркожоевичтин командасы сабырдуулук менен, акыл-эс менен иштеп жатат деп ишенем", - дейт министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров мамлекеттик казынага түшүп жаткан каражаттарга деталдуу токтолуп, мындай өсүш буга чейин болбогонун белгиледи.

"Бюджетти 2-3 жылда эселеп көбөйтүү деген "чудо" экономикалык тарыхта да чанда болгон. Биз сиздерди чогултуп, мактанайын деп жаткан жокпуз. Бул аткарылган арбын иштер. Коррупциясыз, "крышасыз", таза бийликтин кирешеси. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бизге ар бир жарандын колдоосу керек. Биринчи - элди биримдикке чакыруу, экинчи - мамлекеттин бүтүндүгү үчүн барыбыз бекем турсак, үчүнчү - мындан ары Кыргызстанда ажал Кудайдан болсо, салык өкмөттөн болот. Салыкты төлөмөйүнчө эч ким тынч уктабайт", - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы салык айланып келип эле пенсия, жөлөк пул катары жарандарга кайтарыларын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9408