"Крышалык" кылбаңыз". Курултайда Жылдызкан Жолдошева президентке, бийликке сын айтты
RU

"Крышалык" кылбаңыз". Курултайда Жылдызкан Жолдошева президентке, бийликке сын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдик курултайга катышып жаткан экс-депутат Жылдызкан Жолдошева азыркы бийликке жана жеке Садыр Жапаровго карата сын айтты. Ал сөзүн дароо эле "Кыргызстанга президенттик башкаруу туура келбейт" деп баштады.

"Башынан кандай кыйынчылык өтсө да ким болбосун президенттик тактыга жеткенде "монстрга" айланат экен. Биз президенттиктен парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл".

Саясатчы залдагыларды анын сөзүн бөлбөөгө чакырды. Ал президентке кайрылып, парламенттик башкарууга эмнеге кайтуу керектигине токтолду.

"Биринчи маселе, сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү кайда алып барат? Экинчиси кен байлыктар боюнча... Менин билишимче, балким аны оңдоп койсоңор керек, 33 компания 300 сомдон сатып алып, азыр кен байлыктар сыртка чыгып жатат. Үчүнчүдөн, биздин балдар ооруп жатат деп айтып жатасыңар, улуттун ден соолугуна көңүл буруш керек. Ачык эле айтайын, чек араны чечебиз дегенден бери Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жерлерибиз тарып кетти. Билесиңерби канча миңдеген чакырым жерлер кетип жатат. Ошондуктан абайлагыла, бул маселеде өтө бекем болгула.

Коррупция менен күрөшөбүз деп жатасыңар Садыр Нуркожоевич... Бул жерде мурдагы энергетика министри отурат Доскул деген, (ред.:, Доскул Бекмурзаев) көрүп калдым. Ал 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Кыш келди, биз эми кыйналабыз. Айтарым, коррупция менен күрөшөм десеңер азыркы депутаттарды коркутпай, өзүңүздүн командаңыздан баштаңыз. Аларга "крышалык" кылбаңыз. Буга чейин айткандарыңыздын айрымдарын тескерисинче аткарып жатасыз", - деди Жолдошева.

Экс-депутат, министрлер кабинетинин төрагасына да сын айтып өттү.

"Акылбек Үсөнбекович, жана айтып өттүңүз, "Камбар-Ата-1" ГЭСин балким кошуна өлкөлөр менен курабыз деп. Сиз кайсы гана бийлик менен иштешкен жоксуз, канча президентти кетирдиңиз. Айтайын дегеним, Камбар-Ата - бул суунун, ГЭСтердин башы. Кайсы өлкө менен курсаңар да анда бизди эгемендүү өлкөдөн ажыратып коёсуңар. Биздин алтындан да кымбат байлыгыбыз суу. Ошол үчүн бул оюңардан кайткыла дегим келип жатат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9411