Жаштар арасында көп колдонулган дарыны көрсөтмөсү жок саткан фирмага айып салынды
RU

Жаштар арасында көп колдонулган дарыны көрсөтмөсү жок саткан фирмага айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында ден соолукка олуттуу терс таасир эткен дары-дармектерди адистин көрсөтмөсү жок саткан фармацевтикалык фирмага 28 миң сом айып салынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2 жылдан бери "Лирика", "Тропикамид" жана "Сомнол" сыяктуу дары каражаттары жаштар арасында көп колдонулуп, ден соолукка олуттуу терс таасири боюнча маселе эки жылдан бери көтөрүлүп келет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир нече жолу фармацевтикалык фирмалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлүп, жогоруда аталган дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок сатпоо талабы коюлуп келет. Калкка жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу да байма-бай маалымат берилип келет.

Ошого карабастан, бүгүнкү күндө айрым дарыканаларда дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылган фактылар аныкталып, Жалал-Абад шаарында жайгашкан фармацевтикалык фирмасына "Бузуулар жөнүндө" Кодексинин 77-беренесинин негизинде 28 миң сом айып салынды.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарында рейд жүргүзүлүп, "Шопикс" дүкөнүнөн "Лирика" каражаты сатылып жатканы аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9445