Кара-Балтада ишкерди атып кеткен окуянын жаңы жагдайлары айтылды
RU

Кара-Балтада ишкерди атып кеткен окуянын жаңы жагдайлары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында ишкерди атып кетишкен. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар Kaktus.media`га билдиришкендей, бизнесменди башына аткан.

Алар берген маалыматка ылайык, 1-декабрда таң эрте Кара-Балта шаарындагы "Западный" районунда белгисиз адамдар жол кырсыгын жараткан. Анда экинчи унаанын айдоочусу сыртка чыкканда белгисиз адамдар ага карата ок чыгарышкан.

Анын кесепетинен жабырлануучу жеринде каза болуп, кол салгандар качып кетишкен. Каза болгон жаран алтын менен иштөө боюнча чебер, жеке компанияда иштеген кызматкер экени такталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн ким экени аныкталды.

"Айрым маалыматтарга ылайык, 2 жыл мурда маркум бир килограммдан ашуун алтын уурдоого шектелген. Уурулукка маркумдан тышкары дагы бир жаран шектелип, ал бардык күнөөнү моюнга алып соттолгон. Эркинен ажыратылган жаран жакында эле абактан чыккан. Милиция кызматкерлери аны жашаган жеринен таппай жатышат", - дешет өздүк булактар.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9478