ЖМК жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Топтун курамы
RU

ЖМК жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Топтун курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат тарабынан сунушталган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы түзүлдү. Ага журналисттер, юридикалык жана медиа эксперттерден турган 15 адам кирет. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Кыргызстандын медиа аракеттер платформасынын төрайымы Тамара Валиева тастыктады.

Эске салсак, президенттик аппарат "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзамды сунуштап, журналисттер менен эксперттердин сынына кабылган. Бул мыйзам боюнча тегерек столдо президенттик аппараттын өкүлдөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгуу керектигин жана ага медиа тармагынын, ЖМКлар боюнча адистешкен юристтердин катышуусу керек деген пикирге келишкен.

Валиеванын айтымында, медиа коомчулуктун активдүү өкүлдөрү президенттик администрацияга 15 адамдын тизмесин берген жана аны мамлекет башчы бекитиши керек.

Катышуучулардын тизмеси:

  • Нурбек Дүйшөнбеков, "Журналисттер" коомдук уюмунун жетекчиси
  • Акмат Алагушев, "Медиа Полиси институтунун" директорунун орун басар
  • Нурбек Сыдыков, "Медиа Полиси институтунун" юристи
  • Эдил Жаныбеков, "Адилет" укуктук клиникасынын юристи
  • Жылдыз Азыкова, "Адилет" укуктук клиникасынын юристи
  • Нуржан Мусаева, "Медиа өнүктүрүү борборунун" юристи
  • Тамара Валиева, Кыргызстандын медиа аракеттер платформасынын төрайымы
  • Махинур Ниязова, "24.kg" маалымат агенттигинин редактору
  • Семетей Аманбеков, медиаэксперт
  • Дина Маслова, Kaktus.media порталынын негиздөөчүсү
  • Кайыргүл Урумканова, Govori TV маалымат агенттигинин жетекчиси
  • Дильбар Алимова, "ПолитКлиникиа" медиасынын жетекчиси
  • Кубат Оторбаев, журналист
  • Гладис Темирчиева, "Вести.kg" сайтынын жетекчиси
  • Дмитрий Ложников, "Апрель" сайтынын жетекчиси

Жумушчу топто өкмөттөн алты адам болот: Юстиция министрлигинен, Маданият министрлигинен, ошондой эле президенттин пппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн жана президенттин администрациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнөн.

"Президент комиссияны түзүү боюнча буйрукка тез арада - аптанын аягына чейин кол коёру күтүлүүдө. Ал эми биз ишибизди баштайбыз", - деди Валиева.

Ал президенттик администрация тизмени өзгөртүүсүз бекитпесе медиа коомчулук дал ушундай курамды талап кыларын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9508