Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө жуманын мыкты футболчусу деп аталды
RU

Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө жуманын мыкты футболчусу деп аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2019-жылы Кыргызстандын мыкты оюнчусу деп табылган Гүлжигит Алыкулов учурда алматылык "Кайрат" клубу үчүн ойнойт. Ал Азия футбол конфедерациясы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жуманын мыкты футболчусу, деп аталды.

Белгилей кетсек, Алыкулов өткөн жума ичинде, түрдүү клубдар үчүн ойногон Азия контитнентиндеги эң мыкты оюнчулардын шорт-баракчасына кирген.

3-мартта кыргызстандык оюнчу Казакстандын Суперкубогунда укмуш кооз гол киргизген. Кошумча берилген убакытта эсеп 3:2 болчу. Гүлжигит гол киргизип, эсеп теңделген.

"Кыргыз футболунун чоң үмүтү деп эсептелген Алыкулов 2021-жылдын мелдештик календарын мыкты баштады. Анын укмуштуудай голу, Алматыдагы экинчи сезонуна дыкат көңүл буруу керектигин айтып турат", - деп конфедерация жазган.

Сурамжылоонун жыйынтыгында Алыкулов добуштардын 44,56%ын чогултуп, биринчи орунга чыккан. Экинчи орунда "Зениттин" (Россия) ирандык оюнчусу Сардар Азмун 22,34% добуш алып, экинчи орунда болсо, дагы бир ирандык футболчу Аллахяр Саядманеш үчүнчү деп табылды.

Добуш берүү 14-мартта жыйынтыкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/953