Бүгүн абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы күнү
RU

Бүгүн абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-декабрь абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы күнү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, абитуриенттерди каттоо саат 16:00гө чейин уланат.

Белгилей кетсек:

  • Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00дө аяктаган.
  • Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылмак.
  • ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 29-31-декабрь күндөрү саат 16:00.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы аяктаганын кабарлаган. Ага ылайык:

  • Кышкы тестирлөөгө жалпы 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу 100 же андан жогору балл топтоду.
  • Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү.
  • Тестирлөөдө максималдуу баллды Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алды.
  • Эң төмөнкү баллды Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.
  • ЖРТны кыргыз тилинде – 658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9667