Ундун баасы жаңы жылдан баштап кымбатташы мүмкүн. Себеби
RU

Ундун баасы жаңы жылдан баштап кымбатташы мүмкүн. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов 2023-жылдын 1-январынан тарта социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде унга болгон баанын кымбаттоо коркунучу бар деп коңгуроо какты.

Айтымында, Жогорку Кеңеш социалдык маанидеги товарларга салыктын чендерин зарылчылыкка жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган мыйзам долбоорун карап жатат.

"Эгерде депутаттар 31-декабрга чейин өзгөртүүлөрдү кабыл алууга үлгүрбөсө, анда 1-январдан баштап негизги товарларга, биринчи кезекте унга жана данга болгон баалар көтөрүлүшү мүмкүн", - деди ал.

Рустам Жунушов белгилегендей, учурда өлкөдөгү 90% чийки зат Россиядан ташылат. Бирок ташууда кыйынчылыктар бар экенин айтты.

Буга чейин, буудайдын баасы 12 пайызга, ундун баасы 15 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн экени кабарланган. Себеби, 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9719