Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү дейт
RU

Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору бар.

"Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда", – деди Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эгерде ун чыгаруучу комбинаттарда буудайдын кору түгөнө турган болсо Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү.

Ал эми өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын запасы бар.

Мындан тышкары кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата "Кошой" жана "Кайыңды кант" заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9731