Кыргызстан менен Казакстан биргелешкен ишкана түздү
RU

Кыргызстан менен Казакстан биргелешкен ишкана түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн электр станциясын куруу боюнча кыргыз-казак биргелешкен ишканасы түзүлдү. Бул туурасында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан кабарлашат.

Маалым болгондой, "TazaEnergy" ("Улуттук энергохолдингдин" туунду компаниясы) менен Казакстандын "TGS-Energy Ltd." инвестициялык компаниясынын ортосунда "Күн Булагы" биргелешкен ишканасын түзүү боюнча уставдык документтерге кол коюлду.

  • Күн электр станциясын куруу үчүн Ысык-Көл облусунан 80 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
  • Кубаттуулугу 50 МВт болгон күн станциясын курууга 35 миллион доллар сарпталып, долбоордун биринчи этабын 2023-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландаштырылган.
  • Иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашык болот.
  • Күн станциясы ишке кирсе жылына электр тармагын кеминде 90 миллион кВт/саат энергия менен камсыздайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9742