Чет элдик жаранды сүзгөн айдоочу кечирим сурады. Видео
RU

Чет элдик жаранды сүзгөн айдоочу кечирим сурады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол тандабастын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң муунтуп, УКМКга алып барууга аракет кылганы маалымдалган. Бүгүн, 29-декабрда айдоочу кечирим сурады.

Милициянын кайгуул кызматынан айдоочунун кармалганын кабарлап, кечирим сураган видеосу менен бөлүштү.

"Кечээги жоругум үчүн барынан кечирим сурайм. Кимдин башына эмне келбейт. Мени кечирип коюңуздар сураныч, экинчи кайталанбайт", - дейт тартип бузган жаран.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9759