УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти
RU

УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти деп издөөгө алды. Коопсуздук комитетинен депутаттын жүргөн жерин билгендер болсо кабар берип коюуну өтүнүштү.

Мекеменин маалыматына ылайык, Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жаздыруучу жабдыктар табылганы боюнча текшерүү жүргүзүлө баштаган.

Бул факты боюнча депутат Жанар Акаев жана Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы ошондой эле бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришкен.

"Жамгырчиев жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакыртылган. Бирок анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон жок. УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу, ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, башка өлкөнүн аймагында дегенден кабар берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо (0312) 660475, (0312) 626504 номерлери аркылуу кабар берүүнү өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9723