Оштогу түнкү клубда кыз менен киши сабалды
RU

Оштогу түнкү клубда кыз менен киши сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу түнкү клубда кыз менен эркек кишинин сабалган видеосу социалдык тармактарга тарады. Окуя 2023-жылы 1-январда Sky bar клубунда орун алганы маалым болду.

Видеодон эки кишинин урушуп жатканын, аларды ажыратууга топ адамдар аракет кылганын байкоого болот. Жабырлануучу качууга аракет кылганда аны унаадан түшүрүп калганын көрүүгө болот. Ошондой эле клубдан чыгып бараткан киши жанынан өтүп бараткан кызды чачынан кармап, кол көтөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары кол салгандардын бири УКМКнын "Альфа" атайын түзүмүнүн кызматкери экенин айтышууда.

Ош ОИИБден бул окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылбаганын Kaktus.media`га билдиришти. Башкармалыктан кабарлашкандай, окуя болгон күнү жерине ыкчам топ барып, факты каттоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9802