"Фонограмма жок - концерт жок". Ырчылардын жаңы буйрук боюнча пикирлери
RU

"Фонограмма жок - концерт жок". Ырчылардын жаңы буйрук боюнча пикирлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салды. Бул буйрук боюнча шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү пикирлерин айтып чыгышты.

Алсак ырчы Акбар Сүйүнбаев бул популисттик мыйзам деген пикирде.

"Үнү жок беш ырчы үчүн кабыл алынган фонограмма мыйзамы башка таланттуу маданият өкүлдөрүнө тиешеси деле жок. Кыргызстанда андан башка толгон-токой маданий көйгөйлөр бар. Бул мыйзам менимче 3 же 4-жолу кабыл алынып жатат, ар бир министр келээри менен кабыл алган бул мыйзам эл арасында уу-дуу болуп, чоң резонанска айланып жатып калат. А бирок жыйынтыгы жок… Демек бул жөн гана популисттик мыйзам. Эртең иштебей калса, демек, биздин министрлик мындан дагы пайдалуу иштер менен алек болуп жатыптыр деп колдоп коёлу", - деди ал.

Ырчы Марс жандуу үн менен ырдоону мурдатан колдоорун, бирок мыйзамды чыгарардан мурда шарт түзүп беришсе болмок деген ойдо.

"Фонограмма жок - концерт жок! Эми бул жагы кандай болот? Спорт сарайы, филармония акча таппай калат да. Бизде күчтүү аппаратура жок. Ырчыларга бардык шартты түзүп бербей туруп эмнеге мыйзам чыгара беришет, таң калам. Биринчиден, ырчыларга вокалдык жактан даярдана турган жер керек. Экинчиден, жакшы аппаратура болуш керек. Мен мурда эле макул болчумун жандуу аткарууга".

Султан Садыралиев: "Эми кантип ырдайбыз? Бул жагы жаман болду", - деген тамашалуу пикирин калтырган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев "фонограммага тыюу салган мыйзам канчанчы ирет кабыл алынып жатат" деген суроо салып, жыйынтыгы жок деген оюн билдиргиси келген.

Белгилесек, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салган буйрукка кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9812