Министрлик Казакстандын башкы прокурорунун айткандарын четке какты
RU

Министрлик Казакстандын башкы прокурорунун айткандарын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын башкы прокурорунун "январдагы тополоңдо кыргыз жарандары кылмыш жасаган деп шектелүүдө" деген билдирүүсүн кескин түрдө четке какты.

Белгилесек, Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов Мажилисте 2022-жылдын январь айында болгон массалык башаламандыкта чет элдик жарандар кылмышка катышкан деп шектелгенин айткан.

Министрликтен массалык баш аламандык фактысы боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында Кыргызстандын эки жараны шарттуу түрдө сот жообуна тартылганын маалымдады.

"Бул жарандар өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайлардан улам кокусунан эпизодго тартылып калган. Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденген эмес, буга өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы митингдерге, тополоңдорго, талап-тоноолорго катышкан эмес", - деп баса белгилешти тышкы саясий ведомстводон.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөлүк ведомстволору Казакстандагы 2022-жылы орун алган январь окуясында кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп, анын ичинде 600дөн ашуун кыргызстандыктарды эвакуациялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9819