Москвада кыргыз, тажик жигиттери иштеген сойкукана жабылды
RU

Москвада кыргыз, тажик жигиттери иштеген сойкукана жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада Кыргызстандан, Тажикстандан барган жигиттер сойкулук менен алектенишкен деп айыпталууда. Телеграмдагы Mash каналы жазган маалыматка караганда, кардарлардын бирине тейлөө жакпай калып, ал полиция кызматкерлерин чакырган.

Маалыматта Кыргызстандан жана Тажикстандан 22 жаштагы жигиттер Россияга акча табууга барышканы айтылат. Алар ата-энелерине айлык-акысы жакшы жумушка барарын айтышкан.

Кызмат көрсөтүү саатына 5-6 миң рубль болгон. Күндөрдүн биринде полициялар келишип, бул жайды жабышты. Аталган факты боюнча жигиттер Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси "Сойкулукту уюштуруу" боюнча жоопко тартылары айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9844