Чуулгандуу видеодогу кеминдик соттук аткаруучу кызматынан бошотулду
RU

Чуулгандуу видеодогу кеминдик соттук аткаруучу кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик органды дискредитация кылгандыгы үчүн Чүй облусундагы Кемин районун соттук аткаруучусу М.А.А. кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка кечээ, 17-мартта соттук департаменттин директору Урмат Кожлмбердиев кол койду. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу соттук департаменттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, бир аял, өзүнүн кызматкеринен 500 сом доолап, ал акча берүүдөн баш тартса, ашатып сөгүп, жумуштан кет, деп кысымга алат. Алдын ала берилген маалымат боюнча ал Кемин районунун соттук аткаруучусу болчу. Бул окуя видеого тартылып ММКларга жана соцтармактарга жайылып кеткен.

Видео коомдук сын-пикирди жаратып, социалдык тармактын колдонуучуларын нааразы кылат. Соттук департаменттин жетекчилиги ички иликтөө жүргүзүүнү буйруйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/984