"Сөгүнүп, акча доолап жатат". Соттук аткаруучунун кызматкерлерине жасаган мамилеси (Видео)
RU

"Сөгүнүп, акча доолап жатат". Соттук аткаруучунун кызматкерлерине жасаган мамилеси (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'га белгисиз бир аял кызматкеринен 500 сом доолап, сөгүп жаткан кези тартылган видео жөнөтүшкөн.

Айрым маалыматтарга ылайык, видеодогу аял Кемин районунун улуу соттук аткаруучусу. Видеодо ал кол алдындагы кызматкерлеринин биринен же 500 сом алып келип кой, же жумуштун кетүү арызыңды жаз, деп доолап жатат.

Ошондой эле ал, кызматкерлерди кысымга алып, күн алыс жумуш ордунда спирт ичимдиктерин иче тургандыгы айтылды.

Видеодо кызматкер акча бергенден баш тартып, "500 сом сиз экөөбүздүн тагдырыбызды чечип атабы?", - деген суроосуна ал "5 секундда жумуштан кете турган арызыңды жазып кой! Сенин тагдырың чечилди. Көрөм го жумушуңда көйгөйлөр башталып, итке окшоп келгениңди", - деп жооп берип жатат.

Kaktus.media комментарий алуу үчүн Кемин районунун соттук аткаруучусу менен байланыша алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/921