Караколго жаңы аэропорт курулууда
RU

Караколго жаңы аэропорт курулууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарына жаңы аэропорт курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып, курулуш иштери жүрүп жаткан видео менен бөлүштү.

"Каракол аэропорту жаңы салынып жатат. Иш кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса, июнь айында ишке берилет. Эл аралык аэропорт болот. Бул аэропорт бүтөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Чаткал, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды активдүү учурабыз. Аларды аткарууга жакында эки учак келет", - деп айтылат анда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9856