Оштогу түнкү клубда мушташкан УКМКнын кызматкерлери иштен алынды
RU

Оштогу түнкү клубда мушташкан УКМКнын кызматкерлери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы Sky Bar клубунда кыз менен киши сабалып, жаңжалга УКМКнын кызматкеринин катыштыгы бар экени кабарланган. Бул окуядан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, мушташка катышкан кызматкерлер иштен алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Ага ылайык, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9860