Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар келди. Сүрөт
RU

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар келди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Жакында дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүп жатканын Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Калаа башкармалыгынан автобустун узундугу 10,5 метрди түзүп, газ менен жүрө турганын маалымдашат.

"Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9876