Президент кызматтан алган министрди Японияга элчи кылып дайындады
RU

Президент кызматтан алган министрди Японияга элчи кылып дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жаңы кызматка дайындалды. Бүгүн, 12-январда президенттик администрациядан Осоев элчилик кызматты аркалай турганын кабарлашты.

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, Эркинбек Осоев Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, 2022-жылы октябрь айында президент бир катар министрлерди кызматтан алган. Катарында Эркинбек Осоев да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9884