Канат Исаев үй камагына чыкты
RU

Канат Исаев үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Канат Исаев УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, бүгүн, 11-январда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Исаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Белгилесек, Канат Исаев былтыр 23-октябрда кармалып, Биринчи Май райондук соту экс-депутатты камакка алуу чечимин чыгарган. 21-ноябрда ушул эле райондук соттун чечими менен Исаев 23-декабрга чейин камакта калтырылган.

Кийинчерээк Биринчи Май райондук соту Исаевге массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча айып тагылып жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9886