Искусство университетинин эмгек жамааты Колдошовдун ректор болушуна каршы чыгышты
RU

Искусство университетинин эмгек жамааты Колдошовдун ректор болушуна каршы чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эмгек жамааты Түмөнбай Колдошовдун ректор болушуна каршы чыгышты. Алар кайрылуу жасашып, ректорлукка окуу жайдын көйгөйлөрүн жакшы билген адам келсин деген талаптарын айтышты.

"Ректорубуз каза болгондон кийин Маданият министрлиги жетекчи дайындоону четке кага берди. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени өз колуна алып, кызматкерлердин пикирин укпай, комиссияны түзүп, талапкерди өздөрү тандаганына макул эмеспиз", - дейт кызматкерлердин бири.

Эмгек жамаат ректорлукка татыктуу кишини дайындап берүү тууралуу 3 ирет кат жибергенин, тиешелүү жооп болбогондон улам аргасыз кайрылуу жасап жатканын айтышты.

Окуу жайдын кызматкерлери комиссиянын чечимине каршы экенин бир ооздон билдиришти.

Белгилей кетсек, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов 2022-жылы 8-декабрда каза болгон. Ал аталган окуу жайда 2014-жылдан бери ректор болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9892