Бишкекте бала бакчанын күзөтчүсүнүн сөөгү табылды. Ал өрттөн улам каза болгон
RU

Бишкекте бала бакчанын күзөтчүсүнүн сөөгү табылды. Ал өрттөн улам каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №94 бала бакчанын күзөтчүсүнүн жансыз денеси табылды. Ал жумуш ордунда чыккан өрттөн улам каза болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январда саат 09:58 чамасында 11-кичирайондогу бала бакчадан өрт чыкканы кабарланган. Жерине өрт өчүрүүчүлөр барышып, саат 10:13тө өрт толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен бала бакчанын күзөт бөлүмүндө калган жумушчу иске ууланып каза болгон. Анын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 4 чарчы метрди түзүп, меш, чайнек жана шейшеп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө дешет ӨКМдан.

Ал эми Октябрь РИИБден бул окуя боюнча мындай комментарий беришти.

"Бала бакчадан эркек кишинин күйүп калган денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум 1971-жылы туулган Ж.К. экени, ала бала бакчада күзөтчү болуп иштери такталган. Жансыз денени кароо учурунда зордук-зомбулуктун белгилери болгон эмес. Учурда тергөө иштери башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9894