Депутат Памирдеги кыргыздарга дары-дармек жөнөтүүнү сунуштады
RU

Депутат Памирдеги кыргыздарга дары-дармек жөнөтүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова этникалык кыргыздар жашаган Памирге гуманитардык жардам жөнөтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Памирдеги эпидемиологиялык абалга көңүл буруп, аларга сасык тумоо менен күрөшүү үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам чараларды көрүүнү сунуштады.

Буга чейин Памир өрөөнүндө вирустук инфекция жайылып, анын кесепетинен этникалык кыргыздар арасында бир нече өлүмдүн катталганы айтылган. Тышкы иштер министрлиги маалымат текшерүүгө алынганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9895