Министрлик Түмөнбай Колдошовдун ректор болуп дайындалышы боюнча үн катты
RU

Министрлик Түмөнбай Колдошовдун ректор болуп дайындалышы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине Түмөнбай Колдошов ректор болуп дайындалып, окуу жайдын эмгек жамааты каршы болушкан. Билим берүү жана илим министрлиги Колдошов сынак аркылуу бул кызматка келгенин кабарлады.

Маалымдалгандай, министрлик 2022-жылдын 13-декабрында Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык искусство университетинин ректору кызмат ордуна сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгында эң жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алып, ректор болду. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койду.

Буга чейин Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9900