Мас болуп алып жорук жасаган милиция кызматкери иштен алынды
RU

Мас болуп алып жорук жасаган милиция кызматкери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Береке" дүкөнүнүн алдында милиция кызматкеринин мас абалда болуп алып, жосунсуз жоруктарды жасаган видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал милициянын катарынан бошотулду.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей:

  • Укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузуп, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу, милициянын ага лейтенанты Нурбек уулу Максат ички иштер органдарынын бошотулду.
  • Мындан тышкары кол алдындагы кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинология борборунун начальниги К.Купешов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
  • Ошондой эле Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары тартиптик жазага тартылды.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9917