Токмокто секелек кыздарды зордуктоого шектелген карыя 2 айга камакка алынды
RU

Токмокто секелек кыздарды зордуктоого шектелген карыя 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында жашы жете элек эже-сиңдини зордуктаган деген шек менен кармалган карыя СИЗОго киргизилди. Чүй ОИИББден ырасташкандай, шектүү 2 айга камакка алынды.

"Териштирүүнүн жыйынтыгы менен жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде 2022-жылдын 31-декабрында Токмок шаардык соту шектүүнү 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган", - дешет башкармалыктан.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Эске салсак, былтыр декабрь айында 2008-жылы жана 2010-жылы туулган кыздарды зордуктоого шектелип 80 жаштагы карыя кармалган. Ошол учурда кыздардын бири 8 айлык кош бойлуу экени аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9930