Суусамыр, Майлуу-Суу жана Ат-Башыда окуу процесси онлайн болот
RU

Суусамыр, Майлуу-Суу жана Ат-Башыда окуу процесси онлайн болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 16-январда мектептерде окуу процесси башталды. Бирок өлкөнүн айрым мектептеринде окутуу онлайн болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

Айтымында, учурда республика боюнча эң төмөнкү температура байкалган Суусамыр өрөөнүндө жана жылуулук үзгүлтүккө учураган Майлуу-Суу айылында жайгашкан мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

"Мен мамлекеттик органдарга кайрылып, жылуулук маселеси бар аймактардагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү өтүнүчүн келтиргем", - деди ал.

Депутат Бишкектин аялдамаларында мектеп окуучулары көп болгондуктан, күн жылыганга чейин маршруттук таксилерди жана автобустарды каттамга көбүрөөк чыгарууну мэриядан өтүнөт.

Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Нарын облусундагы айрым мектептер онлайн окутууга өттү. Маалыматты Kaktus.media сайтына облустук администрациядан ырасташып, Ат-Башы районундагы мектептер аралыктан окутууга өткөнүн белгилешти.

Онлайн сабак бир апта болот.

Эске салсак, үчүнчү чейрек 11-январда башталышы керек болчу. Бирок катуу сууктан улам кышкы каникул 15-январга чейин узартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9934