ИИМ: Ишкерлер, айрым саясатчылар уюшкан кылмыштуу топторду каржылап, чогу ишкердик кылышат
RU

ИИМ: Ишкерлер, айрым саясатчылар уюшкан кылмыштуу топторду каржылап, чогу ишкердик кылышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинде өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторду айрым жеке ишкерлер жана саясатчылар каржылайт деген маалыматтар бар. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында айтты.

"Айрым жеке ишкерлер жана кээ бир саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, ишкердик менен чогу алектенет деген маалыматтар бар. Биз бул багытта да иш жүргүзүп жатабыз. Каржылык жактан колдоо көрсөткөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдорду каржылоо) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы эскертем", - деди Абдиев.

Ошондой эле ал жаштардын, өзгөчө спорт чөйрөсүндө жүргөндөрдүн кылмыш чөйрөсүнө тартылып жатканына өкүнүчүн билдирди.

"Мындай жеңил ойлуулук менен кылмыштуу чөйрөгө тартылгандардын келечеги жок. Спорт менен алектенген кээ бир жигиттердин кылмыш дүйнөсүнө аралашып жаткандыгы өкүнүчтүү. Эгерде алар уюшкан кылмыштуу топко кирип кылмыш менен алектенсе, кесепети түрмөгө камалып, сот жообуна тартылат же болбосо кылмыштуу топтордун өз ара келишпестиктеринин курмандыгы болуу менен аяктайт", - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9940