Эл ичиндеги талант Бегимай Турусбекова кыздуу болду
RU

Эл ичиндеги талант Бегимай Турусбекова кыздуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Булбулдай үнү менен интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова көз жарды. Ал 14-январда Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде бошонду.

Белгилүү болгондой, ырчы менен жолдошу кыздуу болушту.

Буга чейин Бегимай айым бул наристени көптөн бери күтүп жүрүшкөнүн айткан.

Эске салсак, Бегимай Турусбекованын Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган видеосу интернетке желдей тарап, элге таанылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9947