"Манас" аэропортунда кармалган казакстандык активисттер бошотулду
RU

"Манас" аэропортунда кармалган казакстандык активисттер бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Былтыр 1-ноябрда "Манас" аэропортунан кармалган казакстандык активисттер Диана Баймагамбетова менен Асхат Жексебаевге козголгон кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу активист Дидар Каиров билдирди.

Казакстандык активисттерди кармоо УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Анда кармалгандардын арасында Каиров да экени айтылган. Бирок ал бул маалыматты четке какты. Айтымында, Баймагамбетова менен Жексебаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" боюнча кылмыш иши козголгон.

16-январда сот казакстандык активисттерге козголгон кылмыш ишин жаап, аларды сот залынан бошотуу чечимин чыгарды. Мындай чечимди кайсы сот чыгарганы белгисиз.

Ошондой эле Баймагамбетова менен Жексебаев Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылганын Каиров кошумчалады. Акыркы сот отурумуна катышкан КР миграция кызматынын кызматкери казакстандыктардын арызын кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9948