Бүтүрүүчү класстын окуучулары быйыл экзамен тапшырышабы? Билим берүү министрлигинин жообу
RU

Бүтүрүүчү класстын окуучулары быйыл экзамен тапшырышабы? Билим берүү министрлигинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери быйыл экзамендер болобу же жокпу деген суроо менен көп эле кайрылышат. Айрым окуучулар, окуу жылы онлайн жүрүп, даярдык төмөн болгондугуна байланыштуу экзаменди жоюп салууну сунушташты.

9- жана 11-класстын окуучулары быйыл экзамен тапшырабы, эгер тапшырса кандай алгоритм колдонулат? - деген суроого Билим берүү министрлиги төрт күн бою жооп бере албай койду.

Бүгүн, 18-мартта ведомствонун басма сөз кызматы бул маселе дале каралып жатат, деп жооп берди.

Эске салсак, балдар бир жыл бою үйдөн окушту. Окуучулардын бир бөлүгү салттуу окутуу форматына 18-февралдан тартып киришкен. 9-марттан баштап 2,3,4-класстын окуучулары мектепке бара башташкан. 1-апрелде бардык класстар окуйт деп жарыяланды. Эгер кайрадан чектөөлөр киргизилбесе.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/994