Бишкекте инспекторду тааныш кызы зордуктоого айыптады
RU

Бишкекте инспекторду тааныш кызы зордуктоого айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспектору зордуктоого шектелүүдө. Ишти прокуратура текшерип жатканын Kаktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Кабарлангандай, 12-январда милицияга 1999-жылы туулган Т.А. кайрылып, Свердлов РИИБдин Урмат аттуу кызматкерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган кызматкер аны мейманканалардын биринде зордуктаганын айткан.

Жабырлануучумун деген кыз Урмат менен былтыр август айында таанышып, ошондон бери телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн белгилеген. Ал эми 12-январга караган түнү саат 03:00 чамасында жигит кызга шаарга чыгып сейилдөөнү сунуштаган. Алар кезигип, сыра алышып, мейманканага багыт алышкан. Айтымында, жигит аны төрт ирет зордуктап, кийин үйүнө жеткирген.

Шектүү 1994-жылы туулган Б.У. - Свердлов РИИБдин эмес Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери экени такталган. Ал арыз ээси менен тааныш экенин, алар мейманканада чогу болуп, төрт эмес үч жолу кыздын макулдугу менен болгонун билдирген.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө улантылууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9959