Айсулуу Тыныбекова аккаунттарын блокко салып, каттарга, чалууларга жооп бербейт
RU

Айсулуу Тыныбекова аккаунттарын блокко салып, каттарга, чалууларга жооп бербейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүүчү Олимп оюндарына кызуу даярдык көрө баштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

"Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.

Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.

Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам.

Элибизде тынчтык болсун! Рахмат!", - деп спортчу айым жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/995