Министрликтер үчүн 450 миллион сомго электромобиль сатып алынат
RU

Министрликтер үчүн 450 миллион сомго электромобиль сатып алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети 450 миллион сомго электромобилдерди сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Дастан Бекешев билдирди.

Депутат электромобилдерди сатып алуу 2022-жылдын аягына пландалып жатканын, эмне үчүн чыгымдарды кийинки жылга калтырууга болбой турганын түшүнбөй жатканын белгиледи. Бекешев министрлер кабинетинин өкүлдөрүнөн бул унаалар кимге керек экенин тактады.

Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин министрлер кабинети 45 миллион сом, ал эми келерки жылы 405 миллион сом жумшоону пландап жатат.

Каржы министри Алмаз Бакетаев ырасында эле айрым документтерге кол коюлганын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бардык министрликтер электромобилдер менен камсыз болорун билдирди. Ошол эле учурда эски унаалар акырындап сатыларын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9511