Бакиевдин жубайынын сөөгүн жеткирген учакты бийлик кондурбай койдубу? Султанбаевдин жообу
RU

Бакиевдин жубайынын сөөгүн жеткирген учакты бийлик кондурбай койдубу? Султанбаевдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучусу "Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын Минскиден учак менен келген сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду" деген билдирүү жазды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев интернет колдонуучусунун маалыматын четке кагып, чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү кечээ, 17-январда Бишкекке жеткирилип, жакындары анын кичи мекенине алып кетишти", - дейт ал.

Эрбол Султанбаев жалган маалымат таркаткандарга тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан калп маалыматтарды жайылтпоого чакырып өттү.

Белгилей кетсек, Назгүл Төлөмүшева жүрөк оорусунан улам 15-январда каза болду. Акыркы сапарга узатуусу Жалал-Абад облусунун Казарман айылында өтөрү кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9973