Депутаттар абанын булганышына байланыштуу Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизүү керек дейт
RU

Депутаттар абанын булганышына байланыштуу Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизүү керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары абанын булнганышынан улам Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизүү талабын коюшту. Бул тууралуу парламент жыйынында депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров айтты.

Масалиев башка өлкөлөрдө абанын булганышы жогору болуп турганда шаарлар жабылат дейт.

"Залдагы абанын сапатын өлчөө керек. Көрдүңөрбү, айланада түтүн пайда болду. Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү керек", - деп нааразы болду.

Депутатты кесиптеши Адахан Мадумаров колдоду. Ал белгилегендей, көйгөйдү чечүү зарыл.

"Биз Жогорку Кеңештин залындагы кир аба менен дем алып жатабыз. Абанын сапатын өлчөө керек, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү керек. Учурда абанын булганышы боюнча биринчи орунда турабыз. Же бул жерге аба тазалагычтарды коюш керек", - деди Мадумаров.

Вице-спикер кийинки жыйынга мэриянын өкүлдөрүн чакырып, түтүн маселесин талкуулоону убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9978