Рэпер Тата Улан операция жасаткан көзү көрбөй калганын айтты
RU

Рэпер Тата Улан операция жасаткан көзү көрбөй калганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рэпер, этноакын Тата Улан бир көзү көрбөй калганын билдирди. Ал Октябрь окуясында сол көзүнө ок жеген.

"Өз тиричилигимди жасап, эл катары айыл чарба менен алекмин. Революцияда ок тийген көзүмө операция жасатып, азыр бир көзүм көрбөй калды. Табалагандар ушуга сүйүнгүлө! Адам тирүүлүгүндө элге жакшы из калтырып кетсе жакшы да. Болгону элиме колдон келген салымымды кошом деген аракетте жүрөм", - деп жазды ал.

Рэп аткаруучу 2022-жылы көзүнө операция жасаткан.

Ал мамлекет тарабынан тартууланган кол саатты сатып, көзүн калыбына келтирүүгө жумшаганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Буга чейин Тата Улан жаңы ырларын чыгарууга демөөрчү издеп, атайын эсеп ачканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9979