Ырларын чыгарууга элден каражат топтоп баштаган Тата Улан атайын эсепти жапты
RU

Ырларын чыгарууга элден каражат топтоп баштаган Тата Улан атайын эсепти жапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Этноакын, рэпер Тата Улан чыгармачылыгын жандантып, жаңы ырларды чыгарууну ниет кылууда. Ал Facebook баракчасына бир нече жаңы ырлары бар экенин, аларды чыгарууга каражат керектигин айтып, атайын эсеп ачканын жазды.

Рэп аткаруучу Kaktus.kg сайтына комментарий берип, буларга токтолду.

"Чакырыгымды таштадым. Сом топтолсо ырларымды чыгарам, топтолбой калса "качан чыгат?" деген суроолордон кутулам. Болгону маданиятка салымдарым аз болуп калат", - деди ал.

Көп өтпөй Тата Улан мурдагы билдирүүлөрүн өчүрүп, атайын эсепти жапканын, топтолуп калган каражатты жума күнү мечитке алып барарын жазды.

Рэпер буга чейин патриоттук, саясий темадагы, тамашалуу жана драма жанрындагы ырлары даяр экенин, кайсынысын биринчи чыгарайын деп күйөрмандарынан сурамжылоо жасаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9968