"Жанымда элим бар экенин туйдум". Курманбек Бакиев көңүл айткандарга кайрылуу жасады
RU

"Жанымда элим бар экенин туйдум". Курманбек Бакиев көңүл айткандарга кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Курманбек Бакиев аялынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айткандарга ыраазычылыгын айтты. Ал кайрылуусун Telegram каналына калтырды.

"Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, социалдык тармактардан жазып, көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтам. Башымды кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта бизди колдоп, сүйөп-таяп, кайрат сөзүңүздөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат.

Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем", - деп айтылат анда.

Белгилей кетсек, Бакиевдин колуктусу Назгүл Төлөмүшева жүрөк оорусунан улам 15-январда каза болгон. Акыркы сапарга узатуусу Жалал-Абад облусунун Казарман айылында өтөрү кабарланган. 17-январда анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9982