"Муслим" кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Милиция жабыркагандарга кайрылат
RU

"Муслим" кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Милиция жабыркагандарга кайрылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине карата кылмыш иши козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, анын үстүнөн өткөн жылдын декабрь айынан тартып 8 арыз түшкөн.

Түшкөн арыздардын негизинде кооперативдин жетекчиси А.А. алдамчылыкка шектелип, тергөөгө камсыздалды.

Арыздануучулардын айтымында, аталган кооперативдин негиздөөчүсү үй жана унаа алып берүүнү убадалап, бирок бир нече айдан бери убадаларын аткарбай же акчасын кайтарбай жүргөн. Жабырлануучулардын бири Т.Б. үй алуу үчүн кооперативге 1 миллион 600 миӊ сом берсе, дагы бири жаран унаа алуу үчүн 210 миӊ сом бергендигин айтышкан.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам маалыматтарына караганда, жабырлануучулар мындан да көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн.

Милиция кызматкерлери "Муслим" турак жай кооперативинин негиздөөчүсүнөн жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9985