Бишкекте айрым троллейбустардын каттамы эки күнгө токтоду
RU

Бишкекте айрым троллейбустардын каттамы эки күнгө токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы борбордо эки күн бою төрт троллейбус каттамга чыкпай турганын кабарлады.

Мындай чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу киргизилди.

Маалымдалгандай, Бишкектин Фучик көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин, Чүйдөн Манас кең көчөлөрүнө чейин убактылуу тосулат. Ошондой эле Ч.Айтматов кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Мындан улам:

  • №2 менен №10 троллейбустардын каттамы өзгөрүп, Киев жана Москва көчөлөрү аркылуу жүрөт;
  • №11, №6, №5 жана №14 троллейбустар каттамга чыкпайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10082