Кадамжайда кызын сабаган аял 1 айга камакка алынды
RU

Кадамжайда кызын сабаган аял 1 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде кичинекей кызын сабап, видеого тарткан аял сот тарабынан бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Кадамжай райондук сотунан билдиришти.

Окуянын чоо-жайы:

Социалдык тармакка кичинекей баланы сабаган аялдын видеосу тараган. Кийинчерээк окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алганы белгилүү болгон. 27-январда Кадамжай районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жарандык никедеги аялы 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Наристеге соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча 138-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми келиндин 3 баласы Кадамжай районунда жайгашкан "Кут Кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10160