"Кудуретибиз жетет". Акылбек Жапаров тышкы карыз эмнеге эрте төлөнбөй жатканын түшүндүрдү
RU

"Кудуретибиз жетет". Акылбек Жапаров тышкы карыз эмнеге эрте төлөнбөй жатканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев буга чейин сырткы карызды азыр төлөп койсо болот деген. Эл өкүлүнүн пикири боюнча Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде мындай деп жооп берди.

"Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн. Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот.

Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет.

Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10506