Балбак Түлөбаев: Президент кааласа Кытайга болгон карызды азыр төлөп коёт
RU

Балбак Түлөбаев: Президент кааласа Кытайга болгон карызды азыр төлөп коёт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстандын президенти кааласа Кытайга болгон1 миллиард 800 миллион доллар тышкы карызын дароо төлөп бере аларын айтты.

"Бул акча Улуттук банкта. Садыр Жапаров кааласа дароо төлөп берет. Ошондуктан мен президенттин экономикалык саясатын, иштерин 95% колдойм. 8 тонна күмүш, 45 тонна алтын. Азыр Улуттук банкта.Мен эсептеп көрсөм, аларды 3,8-4 миллиард долларга сатууга болот экен",- деди алтындын сатылышын жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Түлөбаев.

Ал ошондой эле комиссиянын мүчөсү катары азырынча көп нерсе айта албастыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 миллиард доллардан ашык. Анын жарымынан көбү Кытайга тиешелүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10476